mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР менен КЭР 2023-жылга жүк ташуулар үчүн 20 миң даана өлчөмүндөгү уруксат бланктарын кошумча алмашуу макулдашуусуна жетишишти

Чолпон-Ата шаарында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана КЭР СУАР Транспорт департаментинин транспорт маселелери боюнча делегацияларынын кезектеги жолугушуусу өтүүдө. Анда 2023-жылы 20 миң даана өлчөмүндөгү уруксат бланктарын кошумча алмашууну макулдашуу жана 2024-жылга 60 миң даана өлчөмүндөгү квотаны белгилөө маселеси каралды.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен КЭР СУАР автотранспорттук делегацияларынын жолугушуусунун алкагында Кыргыз логистикалык компаниясы Кара-Булак ЖЧК сы менен Кытай ЖЧКсы Кашкар Чжунчэн эл аралык экспедиция компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен КЭР СУАР Транспорт департаментинин автотранспорт делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кыргыз делегациясынын башчысы , ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин министринин орун басары Ы.Ж.Бариев жана Кытай делегациясынын башчысы, КЭР СУАР Транспорт департаментинин Компартия катчысынын орун басары Лю Пин жогоруда белгиленген маселе боюнча протоколго кол коюшту.

  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.