mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Коррупциялык иштерди алдын алуу жана ага бөгөт коюу маселеси боюнча чогулуш өттү

Кече,16-августта КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы  Жерде жүрүүчү  жана суу транспорту департаментинин Талас аймактык башкармалыгы транспорт жана жол тармагындагы  коррупция тобокелдиктерин алдын алуу боюнча  иш-чараны өткөрдү.

Анын максаты  коррупциялык иштерди алдын алуу жана ага бөгөт коюу  болуп саналат. Анда, Талас аймактык автотранспорт башкармалыгынын   башчысынын милдетин аткаруучусу Алмаз Төрөкулов, 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы актуалдуу иш-чаралардын  планын кызматкерлер менен талкуулап, коррупцияга каршы аракеттенүү жана аны болтурбоо боюнча тапшырмаларды берди. Бул иш-чара КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын   14-апрелиндеги №110 Буйругун аткаруу максатында өтүп, ага аталган мекеменин 14 кызматкери катышты.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.