mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 6-10-ноябрында аба ырайынын шарттарын эске алуу менен темир жол тилкесинин 3898-3899—чакырымдарында (Боом капчыгайынын Бишкек—Нарын-Торугарт автожолунун тилкесинде) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Жумуш жол инспекторлору тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүзү жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилкеге багытталат. 30-40 тан ашык автотранспорт топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулат жана автотранспортту өткөрүү жүргүзүлөт.
Иш-чара автомобиль жана темир жол транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө. Буга байланыштуу «Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы айдоочулардан жүрүү маршрутун алдын ала пландаштырууну суранат.