mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Комиссия тарабынан Дыйкан-Кара-Кече автожолунун тазалоо мүмкүн эместиги аныктап айланма жол куруу пландаштырылды

2020-жылдын 15-сентябрында Дыйкан-Кара-Кече автожолунун көчкү түшкөн аймагын изилдеп чыгып, комиссия тарабынан бул жерде жолду тазалоо мүмкүн эместиги аныкталган. Ошентип айланма жолду куруу чечими кабыл алынды. Убактылуу жол салуу үчүн: 4 экскаватор, 3 бульдозер, 4 самосвал, жана  20 тонна күйүүчү- май талап кылынат. Бир тилкенин курулуш мөөнөтү 10-12 күн кетет.  Участоктун кыйынчылыктарынын бири болуп  — аскалуу таштак топурак болгондуктан жол салынчу жерге  техниканын жетиши кыйынчылыктарды туудуруп жатат. Учурда 2 бульдозер, 2 экскаватор келди, 2 экскаватор жолдо. Жумуш 16-сентябрда таңкы саат 7де башталды.Пресс-кызмат