mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кийинки жумадан тарта Төө-Ашуудагы туннель 10 саатка чейин жабыла баштайт! Себеби, жаңы асфальт төшөлөт.

Келээрки аптадан тарта Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталат. Буга байланыштуу унаалардын өтүүсүнө 10 саатка чейин убактылуу чектөөлөр киргизиле баштайт.

Белгилүү болгондой, буга чейин эбак эскилиги жетип, аң-чөнөккө толгон туннелдин жолун жана анын ичин оңдоо иштерин тездетүү тапшырмасы берилген.

Министр Тилек Текебаев, «элдин кайрылуусу менен жеке өзүм да жерине бир нече ирет барып, курулуштун жүрүшүн өз көзөмөлүмө алгам. Мына минтип, иштер жыйынтыкталып, жолго асфальт жаткыруу жумуштары гана калды. Мындан улам, кыргызстандыктарга кайрылып, убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранам. Жолдун жабылуу убактысы кийинчирээк айтылат»-деп билдирди.

Министр Тилек Текебаев жаңы асфальтты 2 жуманын ичинде бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда туннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо, сырдоо процесси аяктап, туннелдин бетон плиталарын алмаштыруу жумуштары жыйынтыкталды.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы