mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кесиптик иш стажы жок айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууга жол берүү тууралуу сунуштар боюнча ММКда жарыяланган маалыматтарга карата Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кошумча түшүндүрмөсү

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесине ылайык “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Транспорт жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин расмий сайтына жайгаштырган.

2021-жылдын 10-11-август күндөрү бир катар маалыматтык ресурстарда жана сайттарда КР ТжКМнин жогоруда аталган мыйзам долбоору менен кесиптик иш стажы жок айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууга жол берүүнү сунуштап жатат деген маалыматтар жарыялоосу улантылып жатат. Буга байланыштуу Министрлик дагы бир жолу түшүндүрмө берет.

Бул мыйзам долбоору кесиптик иш стажы жок айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууга жол берүүгө эмес, электрондук форматта лицензия алуу үчүн арыз берүү учурунда талап кылынган документтердин санын азайтууга багытталган, башкача айтканда жооптуу кызмат адамдарынын мамлекеттик аттестациясынын (дипломунун) бар экенин ырастоочу документтерди арызга тиркөө талабын тизмектен алып салууну гана сунуштаган.

Жогоруда аталган мыйзам долбоорунун өзүндө “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун алып салуу жөнүндө сөз болгон, бирок айрымдар 6-беренин 3-бөлүгү деп түшүнүп адашуу болгон.

Алдын ала даярдоодо мыйзам долбоору менен маалымкат-негиздемеде дал келбөөчүлүк аныкталды, тагыраагы маалымкат-негиздемеде туура эмес жана ката түшүндүрмө берилип кеткен. Бүгүнкү күндө бул катачылык жоюлду.

Жогоруда аталган мыйзам долбоорунун маалымат-негиздемесин туура эмес жасап, жетекчилик менен макулдашбай түшүндүрмөлөрүн киргизгендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммункациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо мамлекеттик агенттигинин кызматкери тартиптик жоопкерчилике тартылган.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы