mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №12 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат.

Жалпы 72 чакырымды түзгөн Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунун 39-42-чакырым аралыгына асфальт жаткыруу жумуштары үч күн мурда башталган. Азыркы тапта 750 метр жерге асфальт төшөлдү. Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы