mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолуна 3 чакырым тилкеге ​​асфальт-бетон төшөлүү пландалууда

Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолуна 3 чакырым тилкеге ​​асфальт-бетон төшөлүү пландалууда. Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунун ПК 63+450-64 тилкесинде учурда эски асфальт-бетон төшөлмөсүн демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, демонтаждоо иштери ПК 67+400 — 67+850 боюнча, жарым-жартылай жаңы асфальт төшөө талап кылынган зарыл аймактарда улантылат. Андан ары 2-ноябрдан баштап базаны төшөөгө даярдоо иштери жүргүзүлөт. Аткаруучу  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №12 Жол тейлөө ишканасы . Асфальт бардык мамлекеттик стандарттын талаптарын жана курулуш нормаларын сактоо менен жагымдуу аба ырайында төшөлөт.

КР ТжКмМнин басма сөз кызматы