mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Казарман-Жалал-Абад жолунун Сары-Кыр ашуусунда кар жана жер көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө

Казарман-Жалал-Абад жолунун Сары-Кыр ашуусунда (0-54-чакырым аралыгы) кар жана жер көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №18 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, Сары-Кыр ашуусу жыл сайын октябрь айынан майга дейре жабык болот. Учурда жолду кардан жана жер көчкүдөн тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, жолчулар Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман участкасынын 243-291 чакырым аралыгында тоо боорунан түшкөн таштарды терип, жолду тазалап жатышат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы