mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Кара-Гоо ашуусундагы унаа жолу кардан тазаланып, унаа кыймылы үчүн ачылды.

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу автожолдордо кар күрткүсү, кар жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр.

Төө-Ашуу ашуусунда Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №9 ЖТИнын кызматкерлери жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында, №32 ЖТИнын  кызматкерлери жолду  кардан тазалап ,инерттик материалдар менен толтуруу иштерин аткарууда . Төө-Ашуу ашуусунда унаалардын өтүүсүнө  чектөөлөр жок.

Бишкек-Ош унаа жолунун 209-чакырымынан 228-чакырымына чейин кээ бир жерлерде жолдун жээгиндеги кар күрткүлөрү тазаланып, тайгакка каршы материалдар себилип, жолдор каттам үчүн ачык.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (мындан ары БНТ) Долон ашуусунда 271-чакырымынан 373-чакырымына чейинки бөлүгүндө инерттүү материал кошуу иштери жүрүп жатат. БНТ автоунаа жолунда да эч кандай чектөөлөр жок.

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Кара-Гоо ашуусундагы унаа жолу кардан тазаланып, унаа кыймылы үчүн ачылды. Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-февралында жергиликтүү райондук администрация менен макулдашып, жарандардын коопсуздугу үчүн аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу ашуудагы өтмөк жабылган.

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26-чакырымында №955 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан тайгакка каршы инертүү материалдарды  толтуруу иштери жүрүп, каттам унаалар үчүн ачык.

2023-жылдын 28-февралында Өтмөк, Чапчыма, Чыйырчык, Чар, Акбейит, Торугарт, Кызарт, Карагоо жана Чоң-Ашуу сыяктуу ашууларда аба ырайы ачык, бул жерде ЖТИнын кызматкерлери муздарды чабуу, суу өткөргүчтөрдү тазалоо , инертүү матриалдарды чачуу  иштерин жүргүзүүдө.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлерде кардын чынжырларын алып салуу керек .

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы