mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Каракол шаарындагы жүргүнчү ташуучу унаалардын ишмердүүлүгүнө рейд өткөрүлдү

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын кызматчылары Каракол шаарындагы жүргүнчү ташуучу унааларды текшерүүгө алышты.
Бул иш-чара Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын ички Буйругунун негизинде жүргүзүлүүдө. Буйруктун негизги максаты, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн зарыл болгон документтерди текшерүү жана айдоочулар тарабынан эмгектин жана эс алуунун белгиленген режиминин сакталышын дыкат текшерүүгө алуу болуп саналат.
Рейд учурунда жогоруда белгиленген башкармалыктын кызматчылары жүргүнчү ташуучу унаалардын уруксат документтерин текшеришип, мыйзамда белгиленген милдеттерди аткаруудагы мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча иш алып барышты.
Алсак, бул иш-чарада мыйзам бузуулар боюнча 3 протокол түзүлүп, укук бузган айдоочуларга айып пул салынып, автомобил транспортунун иштөө тартибин аныктаган Мыйзамдын талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жургүзүлдү.

 

 

 

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.