mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 136-чакырымындагы негизги тилкесинде унаалар бир жолдо жүрүүдө.

2022-жылдын 8-июнунда саат 03:00дө Каракол-Эңилчек унаа жолунун 136-чакырымындагы негизги тилкесинде унаалардын өтүүсүнө уруксат берилди. Маалым болгондой, 2022-жылдын 6-июнунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун 136-чакырымында эңкейиштен чоң таш түшүп, жолду тосуп калган. КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин №11 ДЭУнун иштеп жаткан техникалары ташты жылдыра албай калгандыктан, жеринде убактылуу бир жолдуу айланма жол ачылган.Каракол-Эңилчек унаа жолунун 136-чакырымындагы негизги тилкесин ачуу үчүн бул жерге атайын техникалар: КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №11 ДЭПинен жана Сары жаз жана Тик ишканаларынан бирден жүктөгүч машина жана эскаватор келген. Жумушчулардын аракети жана техниканын жардамы менен Чоң-Ашуу ашуусунда 13 сааттан кийин негизги участок ачылды.Кулаган чоң таш жолдун жээгине жылдырылды, бирок аны ал жерден толук алып чыгууга мүмкүн болгон жок, анткени бул жерге  күчтүүрөөк экскаватор зарыл деп, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №11 ДЭУ өкүлдөрү белгиледи. Ал эми жардыруу үчүн тротил колдонулган жок себеби бул жол участогуна зыян келтириши мүмкүн.

КР ТжКМ басма сөз кызматы