mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кар тазалап, кум-туз аралашмасын чачкан атайын жабдуулар алынды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы менен “Экспресс Деливери” ЖЧКсы ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде 30 даана алдыңкы калак (отвал) жана 30 даана кум чачкан жабдуу алынып келинди.

Жаңы жабдууларды тапшыруу иш-чарасына Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев баштаган ведомство жетекчилери жана кызматкерлер катышты.

30 даана кум чачкан жабдуунун (“Съемный пескоразбрасывающее оборудование для автосамосвала”) жалпы баасы 47 млн 442 миң сомду түзөт.

Ал эми 30 даана алдыңкы калактын (“Съемный передний отвал для автосамосвала”) жалпы баасы 9 млн 36 миң сомду түздү. Жалпысынан жаңы жабдуулар 56 млн 478 миң сомго сатып алынууда.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам бузган айдоочулардын транспортторун мажбурлап токтотуу үчүн атайын сатып алынган блокираторлор тууралуу да маалымат берилип, иш жүзүндө көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында өлкөгө 32 техника алынып келинсе, 2023-жылы 265 жаңы техника жеткирилген.

Жалпысынан жол тармагына 700дөн ашык техника алуу пландалган. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган жаңы техникалар эгемендик алган жылдан бери мындай чоң көлөмдө биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен алынууда.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы