mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кар көчкү коркунучуна байланыштуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдордун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчалары болушу керектигин, кар жааган учурда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоолдук кылбаш үчүн каршы тилкеге чыкпоо керектигин эскертет.

Кыргызгидрометтин 2023-жылдын 17-февралына берген маалыматына караганда, көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Баткен облусунда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26-чакырымындагы тилкесинде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №955 ЖТИнын  кызматкерлери тарабынан тайгактан коргоочу материалды кошуу иштери жүрүп жатат.Авто унаа жол кыймылы үчүн ачык.

Бүгүн түнкү саат 01:57 чамасында Ача-Кайыңды-Май-Босого унаа жолунун 0-45-чакырымында №20 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан автогрейдердин жардамы менен кар тазалоо иштери жүргүзүлдү. Өтмөк Ат-Башы районунун акиминин буйругу менен 2022-жылдын 1-ноябрынан 2023-жылдын 4-апрелине чейин жабылган.

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жол кардан тазаланып, тайгакка каршы инерттүү материалдар себилди, бул тилкеде жол абдан тайгак. Каркыра аймагында жол кызматкерлери жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Жол жүрүүгө ачык, бул жерде кардын калыңдыгы 10-15 см.

Ош-Сары-Таш-Эркештам жолу бир багытка жарым-жартылай ачык. Ашууга баруучу жолду кеңейтүү үчүн кошумча унаалар жөнөтүлдү. Ош-Сары-Таш-Эркештам жолунда бардыгы болуп 5 жүктөгүч, 1 бульдозер, 2 автогрейдер, 1 унимог, манипулятор иштеп жатат. Сары-Таш-Карамык жолунда кар күрткүсү байкалууда. №16 ЖТИнын кызматкерлери жолду тазалап, тайгакка каршы инертүү матриалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө, бир багытта тынымсыз  каттам  камсыздалган.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кызыл-Бел ашуусундагы 359-чакырымында кар көчкү түштү. №41ЖТИнын кызматкерлери жол тилкесин тазалап жатышат. Өтмөк унаалардын бардык түрлөрү үчүн убактылуу жабылды.

Казарман-Акталчат унаа жолунун Ак-Союл тилкесинде №15 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан кар көчкүдөн кийин тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат , ал жерде көлөмү 1500м3 кар жааган.

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайку унаа жолунун 55-чакырымынан 68-чакырымына чейин, 74,5-чакырымынан 107-чакырымына чейинки аралыкта 26 жерден кар көчкү түшкөн, ошондой эле эңкейиштен чоң таштар түшкөн. Түндө жааган нымдуу кар Караташ айылында 20 сантиметрге, Ой-Тал айылында 30 сантиметрге чейин жерди каптады. Алайкуй районунда 2 жүктөгүч, 2 бульдозер, 1 грейдер, 1 манипулятор техникалар иштеп жатат. Жергиликтүү акимдин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругунун негизинде 2023-жылдын 16-февралында саат 18:00дөн баштап кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарды тазалоо иштери кар жана кар көчкүлөр токтогонго чейин токтотулган.   Азыркы учурда бул жерлерде өтүү да мүмкүн эмес.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы