mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Көзөмөлдү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмактык өлчөм көзөмөлдөө агенттиги буйрук чыгарды

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги айдоочулар арасында курч мүнөздөгү вирустук инфекция жана короновирусту алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин КР Саламаттык министрлиги чыгарган жобосунун негизинде жүргүзүүдө.
Көзөмөлдү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жна жолдор министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмактык өлчөм көзөмөлдөө агенттиги Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык буйрук чыгарды.
Каттамга чыгып жаткан ар бир автоунаа рейс алдында атайын дезинфекциялоочу каражат менен тазаланып жана айдоочуларга түшүндүү иштери жүрүп жатат.

«Кыргызавтобекети» мамлекеттик ишканасына караштуу автобекеттер менен автостанциялар штаттык режимде иш алып барууда. Ал жакта жоопкерчиликтүү жумушчулар нөөмөттө болушуп күтүү залдарын, жалпы тамактануу жайларында дезинфекция жүргүзүп, өздүк гигиена боюнча жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Мамлекеттик санитардык көзөмөл борборунун дарыгерлери күн сайын муниципалдык жана ишканаларга тийиштүү жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды текшеришүүдө.

КР ТжЖМ басма-сөз кызматы