mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Күн ысыкта жолго чыккан оор жүк ташуучу унаалар токтотулуп, ашыкча жүк жүктөгөндөргө айып пулдар салынууда

КРдин ТжКМдин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1-июлдан 10-июлга чейин эрежени сактабаган, ашыкча жүк жүктөп алган айдоочуларга карата 15 протокол түзүлдү. Жалпы 230 миң 500 сомго айып салынып, жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу 21 миң 520 сомду түздү.

Буга чейин 1-июндан 1-сентябрга чейин эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин, абанын күндүзгү температурасы 28 С жана андан жогору болгондо максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүгө убактылуу тыюу салынары эскертилген.

Салынган жолдордун талкаланышына жол бербөө максатында Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыктары тарабынан текшерүү иштери улантылууда.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы