mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

К.Кольбаев атындагы туннелде 22-27 июль күндөрү жол кыймылы убактылуу чектелет!

2022-жылдын 22-27 июль күндөрү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу, К. Көлбаев атындагы туннелде унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет:
⚠️22 июль күнү, 2022-жыл:
саат 4:00 дөн 6:00 гө чейин,
саат 10:00 дөн 12:00 гө чейин,
жана 14:00 дөн 16:00 гө чейин
⚠️23-27 июль күндөрү, 2022 жыл:
тункү саат 23:00 дөн – 01:00 чейин,
түнкү саат 02:00 дөн – эртен мененки 04:00 чейин.
Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.
Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Күз-кыш мезгилинде жол кыймылынын үзгүлтүксүз жана коопсуз болушу үчүн жол иштери жүргүзүлөт.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы