mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолу тазаланып, каттам ачылды

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолу тазаланып, түнкү саат 01:05 чамасында каттам ачылды.

Белгилей кетсек, 28-ноябрь күнү түнкү саат 22:00 чамасында Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 1-чакырымында оор жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, айдоочусу каза болду.

Болжолдуу маалыматтарга караганда транспорттун токтотуучу системасы иштен чыгып, айдоочу жолдогу парапеттерди сүзүп, өрттөнүп кеткен. Жеринде аймакты караган №955 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары, ӨКМ, жол инспекторлору ыкчам аракеттерди көрүп, тилсиз жоо өчүрүлдү.

Дароо жолчулар тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп, каттам түнкү саат 1:05те жанданды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы