mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

К. Көлбаев атындагы тоннель 26-июлдан 6-августка чейин жабылат

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 2023-жылдын 26-июлунда Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннелде жүрүп жаткан асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ал жерде министр пландалган иштерди өз мөөнөтүндө бүтүрүү зарылдыгын эгерде жол тилкесин асфальттоо процесси кечеңдесе, жооптуу аткаруучулар жоопкерчиликке тартыла турганын  белгиледи.

К.  Көлбаев атындагы Тоннель 26-июлдан 6-августка чейин жабылат.

Буга чейин тоннелде электр зымдарын алмаштыруу жана жаңы прожекторлорду орнотуу, жол участогунун астына плиталарды коюу, дубалдарды актоо жана сырдоо иштери жүргүзүлүп келген.

Тоннелде капиталдык оңдоо иштери акыркы жолу 2000-жылдары жүргүзүлгөн.

26-июлдан тарта туннелде кыймыл убактылуу чектелет.

«Сосновка» өткөрүү пункту тарабынан жабуу пландаштырылууда:

Жүк ташуучу унаалар үчүн: саат 03: 00дөн 16: 00гө чейин,

Жеңил унаалар үчүн: 06: 00дөн 16:00гө чейин.

Бишкек – Ош унаа жолунун 144-чакырымында (Суусамыр өрөөнү):

Жүк ташуучу унаалар үчүн: 05: 00дөн 16: 00гө чейин,

Жеңил унаалар үчүн: 06: 00дөн 16:00гө чейин.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.