mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө

Сузак районундагы Жалал-Абад-Благовещенко унаа жолунун 1-чакырымында жайгашкан жаңы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүп, январь айынын аягында бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 2022-жылы катуу жүргөн селдин кесепетинен жараксыз абалга келген көпүрөнүн ордуна былтыр жаңысын салуу үчүн республикалык бюджеттен атайын каражат каралып, курулуш иштери октябрь айында башталган.

Эки сменге бөлүнүп иштеген кызматкерлердин күжүрмөн эмгегинин натыйжасында курулуш иштерин ушул айдын аягы менен бүткөрүү пландалып, андан соң пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, узундугу 72 метр, туурасы 10,5 метрди түзгөн көпүрө бардык талаптарга ылайык салынып жатат.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы