mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Күйүп кеткен электр кабелин алмаштыруу иштерине байланыштуу К.Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө2022-жылдын 6-июлунан 8-июлуна чейин чектөөлөр киргизилет

Маалым болгондой, унаанын өрттөнүшүнө байланыштуу К.Көлбаев атындагы тоннелде 2022-жылдын 5-июлунда эки тараптан кыймыл убактылуу токтотулган.
5-июль күнү саат 15:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда Лексус 470 үлгүсүндөгү жол тандабас унаасы аты аталган тоннелде 1250 метр аралыкта бара жатып күйүп кеткен.
Унаанын ичинде эки адам болгон. Алар жабыркаган жок. Аларды КР Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын тоннелдерди эксплуатациялоо, оңдоо жана тейлөө кызматынын кызматкерлери, башка куткаруучулар менен бирге өз убагында жана аман-эсен, коопсуз жайга алып чыгышкан.
Тилекке каршы, унаадагы өрттү өчүрүүгө мүмкүн болгон жок. Бул абалга байланыштуу тоннелде электр жарыгы өчүп, электр кабелинин бир бөлүгү күйүп кеткен.
Күйүп кеткен унаа чыгарылгандан кийин жол кыймылы кайрадан ачылган. Бирок электр кабелин алмаштыруу иштерине байланыштуу тоннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө айрым учурларда чектөөлөр киргизилет.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы