mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

IV Фаза, “БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу Долбоорундагы” Бишкек-Ош автожолунун Маданият-Жалал-Абад участогу боюнча негизги курулуш иштери толугу менен аяктады

Бүгүнкү күндө, “БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу Долбоорунун” Бишкек-Ош автожолундагы Маданият-Жалал-Абад участогунун 67 чакырымына асфальт-бетон төшөө боюнча негизги курулуш иштери толугу менен аяктады. Учурда, кемчиликтерди жоюу этабы боюнча иштер жүрүүдө.
Ага 256 адам жана 120 курулуш техникасы тартылган. Мындан тышкары, Подрядчы саатына 210 тонналык асфальт-бетон өндүргөн заводду мобилизациялаган.
Маданият – Жалал-Абад тилкесинде (507,5км – 574,5 км) узундугу 67 км болгон “БАРЭК 3 транспорт коридорун реконструкциялоо Долбоорунун” (Бишкек – Ош автожолу) IV этабы ишке ашырылууда. Курулуш иштерин «Азвирт» ЖЧКсы жүргүзүп жатат.
Келишимге ылайык, курулуш иштери аяктагандан кийин бул жол төмөнкү техникалык параметрлерге өтөт.
— калктуу пункттарда 4 тилкелүү жана калктуу эмес пункттарда 2 тилкелүү;
— кыймылдуу тилкенин туурасы – 3,5 — 3,75 метр;
— окко эсептелген жүк-11,5 тонна;
— калктуу конуштарда тротуарларды куруу, жарыктандыруу жана суу чыгаруучу лотокторду орнотуу;
— эски аянттарды реконструкциялоо жана жаңы токтоочу аянттарды куруу;
— 36 миң көчөт отургузуу
Жогоруда белгиленген жолду калыбына келтирүү жана реабилитациялоо — улуттук жана аймактык байланышты жакшыртат. Долбоордун натыйжасында, Бишкек-Ош унаа жолунун Кочкор-Ата, Массы жана Базар-Коргон калктуу конуштары аркылуу өткөн 67-чакырымында жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу маселеси жакшырат. Долбоор улуттук жана аймактык сооданы жеңилдетет, ошондой эле айыл жамааттарынын базарларга жеткиликтүүгү жанданат, бул аймактын экономикалык өнүгүүсүн тездетет.
PS: Долбоордун донору: Евразия өнүктүрүү банкы.
Консультанты: Ренардет (Швейцария).
Подрядчысы: Azvirt (Азербайжан).