mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ислам өнүктүрүү банкынын баалоо Миссиясы Бишкек шаарында болуп, анын жүрүшүндө “Суусамыр-Талас-Тараз” автожолун реконструкциялоо долбоорунун маселелери жана суроолору каралды.

«Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоору (104,6-197,5 км) Донору Араб Координациялык тобу болуп эсептенилет. Долбоордун участогунун узундугу 92,9 км, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча алдын ала баасы 101,4 млн. АКШ доллары.
Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (Кичи-Капка өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү трассанын техникалык-экономикалык негиздемеси) бүткөрүлүп, 2021-жылдын 30-декабрында Араб координациялык тобунун фонддоруна кароого жөнөтүлгөн.
2022-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул долбоорду каржылоо боюнча Араб координациялык тобунун фонддоруна кайрылуу кат жөнөткөн.
Учурда КР Өкмөтүнүн 28.05.2019-ж. №232 токтому менен бекитилген Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобого ылайык, долбоордун өтүнмөсү жана техникалык-экономикалык негиздемеси Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жактырылган.
Ошондой эле, 2022-жылдын 18-апрелинен 22-апрелине чейинки аралыкта Араб координациялык тобунун (ИӨБ, СФР жана ОПЕК Фонду) онлайн даярдоо миссиясы болуп өттү, анын жүрүшүндө протоколго кол коюлуп, каржылоонун көлөмү алдын ала бекитилди.
Мындан сырткары, 2022-жылдын 3-кварталында бул долбоорду фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна киргизүү пландаштырылууда.
КР ТжКМ басма сөз кызматы