mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ислам өнүктүрүү банкы жана Араб координациялык тобу тарабынан каржылануудагы автожолдорду реабилитациялоо боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу маалымат

  1. Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоо долбоору, III-Фаза, км 75-105 (Ишке ашырылууда)

 

Донорлор                                         Ислам өнүктүрүү банкы

10 млн. АКШ доллар.

Сауд өнүктүрүү фонду

10 млн. АКШ доллар.

 

КР каржылоо үлүшү                     2,08 млн. АКШ доллар

Долбоордун жалпы наркы           22,08 млн. АКШ доллар.

Консультант                                   «Спектрум Инжиниринг Консалтантс» (Ливан)

Подрядчы                                        «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» (Турция)

(контракттык баа-17,5 млн.АКШ доллар)

 

Жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 16,7 млн.АКШ.долларын түзөт же 95% контракттык баадан ошонун ичинде төмөнкү жумуштар аткарылды:

  • 30 км асфальтбетон төшөлдү;
  • 59 даана суу өтүүчү түтүкчөлөр курулду;
  • 6 көпүрө курулду;
  • 400 даана жол белгилери орнотулду;
  • 33 даана аялдамалар курулду;
  • жолдун кесилиш жерлеринде 126 даана суу өтүүчү түтүкчөлөр курулду.

Курулуш жумуштары 2017-жылдын 26 декабрында бүткөрүлдү. (Курулуш иштеринин гарантиялык мөөнөтү 2018-жылдын 26 декабрында аяктайт.).

Андан сырткары, азыркы учурда долбоор участогунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10 январдагы №2 “2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо” Жарлыгына ылайык жана жергиликтүү бийлик органдардын, жергиликтүү тургундардардын кайрылууларынын негизинде Подрядчы тарабынан кошумча курулуш жумуштары аткарылып жатат. (кошумча светофорлорду орнотуу, кошумча тротуарларды куруу жана кошумча жол белгилерин орнотуу, тирегич дубалдарды куруу, үйлөргө кирүүнү камсыз кылуу, суу өтүүчү түтүкчөлөр куруу, жолдун кесилиш жерлериндеги асфальтын узартуу ж.б.).

 

 

  1. Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 чакырымын реабилитациялоо долбоору

 

Донор                                                Араб координациялык тобу

66,25 млн. АКШ доллар.

 

КР каржылоо үлүшү                     6,1 млн. АКШ доллар

Долбоордун жалпы наркы           72,35 млн. АКШ доллар.

Консультант                                   «Тим Интернэшнл/Саудконсалт» (Ливан/Сауд Арабия)

Подрядчы                                        «Копри/Синохидро» (Кувейт/Китай)

(контракттык баа-45,4 млн.АКШ доллар)

 

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 чакырымын реабилитациялоо долбоору алкагында курулуш иштери толугу менен 2017-жылдын 31-июлунда бүткөрүлгөн.  Жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 41,2 млн. АКШ. долларын түзөт же 90.8 % контракттык баадан. Курулуш иштеринин гарантиялык мөөнөтү 2018-жылдын 31-июлунда аякталды. 2018-жылдын 30-августунда №41-жол тейлөө мекемесине эксплуатациялоого жана күтүүгө өткөрүлүп берилди.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун 2018-жылдын 10- январындагы №2 “2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо” Жарлыгына ылайык, жогоруда аталган долбоордон үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Нарын жана Кочкор райондоруна узундугу 30 чакырым асфальтбетон катмарын төшөө каралган.

Азыркы учурда Подрядчы тарабынан курулуш иштери бүткөрүлдү төмөнкү автожолдордо жана кээбир иштер аякталууда:

— Чолпон – Шахта Туз 5 км асфальтбетон катмары төшөлдү;

— Кочкор – Коммунизм 3 км асфальтбетон катмары төшөлдү;

— БНТ –Эмгекчил 5 км асфальтбетон катмары төшөлдү;

— Он-Арча – Эчки-Башы 3 км асфальтбетон катмары төшөлдү;

— Объездная г. Нарын 5.1 км асфальтбетон катмары төшөлдү;

— Нарын шаарынын Раззаков көчөсүнөн төрөт үйүнө чейин 450 метр асфальтбетон катмары төшөлдү;

Нарын шаарынын Турдубаев көчөсүнө 600 метр асфальтбетон катмары төшөлдү;

-Нарын шаарынын Орозбаков көчөсүно 1,4 км асфальтбетон катмары төшөлдү;

— Нарын шаарынын суу түтүктөрү боюнча курулуш иштери 95 % бүткөрүлдү.

 

  1. 3. Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо долбоору

 

Донор                                                Ислам өнүктүрүү банкы

21,32 млн. АКШ доллар.

 

КР каржылоо үлүшү                     2,44 млн. АКШ доллар

Долбоордун жалпы наркы           23,76 млн. АКШ доллар.

Консультант                                   « Спектрум инжиниринг» (Ливан)

Подрядчы                                        «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» (Азербайджан)

                                                           (контракттык баа — 18,2 млн.АКШ доллар)

 

Жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 2,64 млн. АКШ долларын түзөт же 16% контракттык баадан, ошону менен бирге төмөнкү жумуштар аткарылды:

  • жер жумуштары 52 471 м3 (98-108 чакырым аралыгында аткарылды);
  • 47 даана суу өткөрүүчү тутукчөлөрдүн курулушу бүткөрүлдү жана 3 даана суу өткөрүүчү тутукчөлөрдө курулуш иштери жүрүп жатат (96-108 чакырым аралыгында аткарылды);
  • 7 даана суу өткөрүүчү тутукчөлөрдүн оңдолушу бүткөрүлдү
  • 9,0 чакырым аралыкка жолдун шагыл катмары (саббейс) төшөлдү;
  • 7,29 чакырым аралыкка жолдун негизги катмарына майдаланган таштан төшөө жумуштары бүткөрүлдү (бейс);
  • 96+896 чакырымында жаңы көпүрөөнүн курулушу башталды №1 опоранын фундаментин бетондоо иштери бүткөрүлдү (1010м3-казуу иштери; 237м3-бетон); №2 опорасында фундаментин бетондоо иштери аткарылып жатат (1165м3-казуу иштери; 231м3-бетон);

2018 жылдын 24 сентябрында асфальтбетон төшөө иштери башталып, бүгүнкү күнгө 10,6 км аралыкка калыңдыгы 6см болгон асфальтбетондун астынкы катмары төшөлдү (5,24 км сол тарабы жана 5,4 км оң тарабы).

Курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү – август 2019 жыл.

Курулуш иштеринин гарантиялык мөөнөтү –август 2020 жыл.

 

 

 

 

 

  1. Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 159-183 чакырымын куруу долбоору

 

Донорлор                                         Ислам өнүктүрүү банкы

12 млн. АКШ доллар.

Сауд өнүктүрүү фонду

20 млн. АКШ доллар.

 

КР каржылоо үлүшү                     1,8 млн. АКШ доллар

Долбоордун жалпы наркы           33,8 млн. АКШ доллар.

Консультант                                               “Сауди Тех – Спектрум Инжиниринг Консалтантс”

(Сауд Аравия/Ливан)

Подрядчы                                        Подрядчыны тандоо боюнча тендердик процедуралары

жүргүзүлуп жатат

 

Долбоордун учурдагы статусу

Азыркы учурда подрядчыны тандап алуу процедуралары жүргүзүлүүдө.

2019-жылы курулуш иштерин баштоо пландаштырылууда.

 

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2018-2023 жж.

Пресс-кызматы