mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Инспекторлор курамы билимдерин жогорулатышты

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин 2023-жылдын 6-июлундагы №169 буйругунун негизинде, Бишкек-Чүй аймактык башкармалыгынын Транспорттук көзөмөл пункттунун инспекторлор курамына кече, 24-июлда окутуулар өткөрүлдү. Аны Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Бишкек-Чүй аймактык башкармалыгынын жетекчилери өтүштү.
Окуутуулар төмөнкү багыттарды өзүнө камтыйт:
— инспекторлордун билим денгээлин жогорулатуу;
— АИС ЭТК программаларды колдонуу;
— функционалдык милдеттер;
— Кыргыз Республикасынын “ Административдик укук бузуулар жөнүндө Кодекс”;
— №92 Нускама;
— протокол жана токтомдорду толтуруу;
— таразаларды иштетүүнүн жолдору;
— Токтомдор, жоболор жөнүндө болуп өттү.
Жогоруда көрсөтүлгөн окутуулар боюнча протокол түзүлүп, инспекторлорго кол коюу менен тааныштырылды жана өз ишин 3 айлык мөөнөттө жөнгө сала албаган же өз милдеттерин аткара албаган инспекторлордун жоопкерчиликтери каралары милдеттендирилди.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.