mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Инспекторлор курамы билимдерин жогорулатышты

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жергиликтүү тургундарынан КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин атына Казарман-Балыкчы-Бишкек кичи автобустук каттамын ачуу боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул боюнча министрликтин Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгына тиешелүү тапшырмалар берилген. Тапшырмаларды аткаруу максатында кече, 25-июлда жогоруда аталган департаменттин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Ж. Дыканбаев Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев менен жолугуп, автобустук каттам маселеси боюнча пикир алышты. Мындан тышкары Тогуз-Торо районунун администрациясына кат жолдонмокчу. Белгилей кетсек, бул маселе облустук каттамдарды уюштуруу комиссиясынын корутундусунун негизинде да каралат. Анткени, автобаза автобекеттер союз урагандан кийин сатылып кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин Тогуз-Торо районунда ички жана шаарлар аралык каттамдар жок жана райондо 13 айыл кыштак бар. Калктын саны 27788.
Ошондой эле райондогу жүргүнчүлөрдү ташуу маселелери боюнча айыл тургундары менен да жолугушуулар болуп өттү.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.