mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү системасына КР Транспорт жана Комуникациялар министирлигинин борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана 11 ведомстволук уюмдары кошулган.

Бүгүнкү күндө InfoDocs электрондук документ жүгүртүү системасына Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана 11 ведомстволук уюмдар (мындан ары — КР ТИМ), ошондой эле алардын аймактык бөлүмдөрү кошулган. . Бул иш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаевдин , 18.05.20022-жылдын № 16-1794, EDMS «InfoDocs» аркылуу документ жүгүртүү боюнча ишти күчөтүү жөнүндө тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, азыркы учурда КР ТжКМнин жаңыдан түзүлгөн ведомстволук уюмдарында, КР ТжКМ алдындагы Жол фондунда жана «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасында, InfoDocs ЭДМСти туташтыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, КР ТжКМ алдындагы «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №346 «Жол чарба системасын трансформациялоо боюнча жөнүндө» токтомуна ылайык түзүлгөн жана «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы дагы мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди бириктирүү менен түзүлгөн (64 ДЭУ объекти). Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын 2022-жылдын 11-апрелиндеги No 3440 буйругунун 3-пунктуна ылайык, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасына караштуу мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин ишмердүүлүгү токтотулду, буга байланыштуу жарлыкта көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалар жана мекемелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарында мамлекеттик каттоодон өтүшөт. Көрсөтүлгөн мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин жакынкы аралыкта бардык ишканалар жана мекемелер InfoDocs ЭДМСге тез кошулуу процедурасынан өтүшөт.
Буйрукту оперативдүү аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан министрликтин жогоруда аталган бөлүмдөрүндө InfoDocs ЭДМСге кийинчерээк туташтыруу боюнча жер-жерлерде жигердүү иш жүргүзүлүүдө (зарыл жабдуулар жана инфраструктуралар менен)

КР ТжКМнинбасма сөз кызматы