mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Gentek Consult Ltd” консалтингдик компаниясынын топ жетекчиси Селчук Мутлу Кусейин Көлбаев атындагы медаль менен сыйланды

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун III Фазасын куруу, “БАРЭК 1 жана 3 транспорттук коридорлорун бириктирүүчү жолдор” долбоорунун алкагында иш алып барган “Gentek Consult Ltd” консалтингдик компаниясынын топ жетекчиси Селчук Мутлу мырзаны Кусейин Көлбаев атындагы медаль менен сыйлады.

Министр Сельчук Мутлу мырза башында турган комисс Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 159-183-чакырымын реконструкциялоо долбоорундагы бааны оңдоо боюнча подрядчы менен министрликтин ортосунда жаралган талашты ведомствонун пайдасына чечүүгө көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 159-183-чакырымын реконструкциялоо долбоорунда ( узундугу 24 чакырым, Дыйкан а. – Кызыл-Жылдыз а., III Фаза) колдонулган материалдардын бааларын корректировкалоодо жумуш берүүчү менен подрядчы ортосунда талаш жаралган. Аталган маселени объективдүү жана ар тараптуу кароо үчүн министрлик тарабынан тиешелүү адистерди тартуу менен атайын комиссия түзүлгөн. Бирок натыйжа чыкпагандыктан подрядчы келишимдин шарттарына ылайык, Талаштарды жөнгө салуу кеңешине берип, анын чечими министрликтин пайдасына чечилген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы