mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Европага жасалган жемиштүү иш сапары: Жалпы суммасы 150 млн еврону түзгөн Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстандын транспорт тармагындагы долбоорлорду каржылоо үчүн жалпы суммасы 150 млн еврону түзгөн Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду.   

Бул кол коюу иш-чарасы Бельгия Королдугунун Брюссель шаарында өткөн Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча “Global Gateway” биринчи инвесторлордун форумунун алкагында болду.

Белгилей кетсек, 29-30-январь күндөрү өткөрүлгөн форумга кыргыз делегациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп барган.

Мындан тышкары, аталган форумдун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан демилгеленип, “Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук өз ара байланышты өнүктүрүүдөгү Кыргыз Республикасынын ролу” деген темада өткөрүлгөн атайын иш-чаранын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Европа менен Азияны байланыштырган Кыргызстандын транспорттук коридорлорунун маанилүүлүгүн белгиледи. Өзгөчө бул жаатта жасалып жаткан иштерди санап өтүп, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоордун келечегине токтолду.

Ага улай эле натыйжалуу жана экологиялык таза транспорттук системаны түзүүгө, темир жол өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтууга түрткү берүү максатында Кыргызстан менен Казакстанды байланыштырган “Балыкчы-Луговая” темир жол тилкесин электрлештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди баса белгиледи.

Ошондой эле, Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев “Global Gateway” биринчи инвесторлордун форумунун алкагында тематикалык сессияларга да катышты. Анын жүрүшүндө ал мультимодалдык жана транзиттик ташууларды жүргүзүү менен байланышкан маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн Европа өлкөлөрүнүн транспорттук ведомстволору менен жеткиликтүү өз ара байланышты мындан ары арттыруу керектигин белгилеп, министрлик бардык сунуштарды жана демилгелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

Форумдун алкагында Европа, Борбор Азия мамлекеттеринин транспорт министрликтеринин жана каржы институттарынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, жол куруу жана транспорт тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу сунуштары айтылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы