mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Европа өлкөлөрүндө туруктуу иш орундары менен камсыз кылуу максатында айдоочулардын квалификациялык деӊгээлин көтөрүү боюнча окутуу курстары өткөрүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүш – инновациялык борбору» мамлекеттик ишканасы менен «Гиртека» компаниясынын ортосунда оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын квалификациялык деӊгээлин көтөрүү үчүн окутуу курстарын өткөрүү боюнча келишим түзүлгөн. Анын негизги максаты, айдоочууларды сапатуу даярдыктан өткөрүү аркылуу жарандарыбызды Европа өлкөлөрүндө кепилдүү жана туруктуу иш орундары менен камсыз кылуу болуп саналат. Белгилей кетсек, «Гиртека» Европадагы чоӊ транспорттук-логистикалык компаниялардын катарын толуктайт. Бүгүнкү күнгө чейин 18 жараныбыз жогоруда айтылган окутуу курстарынан өтүп, иш менен камсыз болушту. Учурда ишканада келишимдин негизинде бекитилген айдоочулардын квалификациялык деӊгээлин көтөрүү боюнча практикалык жана теориялык сабактардын программасынын негизинде иштер уланып жатат. Мурда айдоочулар мындай окутуу курстарынан өтүү үчүн атайын Литвага барышса, азыр өлкөбүздөн эле сапаттуу даярдыктан өтүшүүдө.

 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.