mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Эпкин-Башкууданды жолунун чаңдан тазалоо үчүн суу ташыгычтардын саны 7 бирдикке жетет

2021-жылынын 10-декабрында болжол менен кечки саат 21:00до Эпкин-Башкууданды жолунун 156 чакырымында, жеңил автоунаа менен оор жүк ташуучуу унаа жол кырсыгына учураган. Окуя болгон жердеги адистердин алдын ала маалыматына караганда, Камаздын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаада кетип бара жаткан үч адам каза болуп, жана эки адам оор абалда орууканага жеткирилген.

2021-жылынын 12-декабрында жакын жайгашкан айылдардын тургундары Түндүк-Түштүк жолунун Кара-Кечеге кайрылуучу жол тикесинин жанында жайгашкан негизги жолду тороп, өз талаптарын коюшкан. Тургундардын негизги талабы болуп, түнкү маалда жолдон оор жүк ташычуу унааларга тыйуу салып жана Эпкин-Башкууданды долбоорлук жолунун чаңын азайтуу максатында, суу чачуучу техниканын санын көбөйтүүгө талап койгон.

23-сентябрда Транспорт жана коммуникация министирлиги жол куруучу “Сhina Railway №5” компаниясы менен жол куруу иштерине келишим түзгөн.

Бүгүнкү күнгө чейин “Сhina Railway №5” компаниясы тарабынан, айылдардын ичинде чаң басуу максатында уч суу чачуучу техника иштеп келген. Жол жабылгандан кийин жергиликтүү бийлик тургундар менен макулдашып, суу менен камсыздоочу унааларды көбөйтүүнү чечкен.

Тургундардын талабына байланыштуу 13-декабрдын абалында куруучу компания кошумча бир чаң басуу техникасы кошумчаланган. Жакын арада куруучу компания тарабынан чаң басуу максатында, дагы уч суу чачычуу техникасы долбоорлук участкасына келүүсү күтүлүүдө, муну менен чаңдан тазалоо үчүн суу ташыгычтардын саны 7 бирдикке жетет.

Кыш мезгилинде чаңдан тазалоонун өзгөчөлүгүн эске алуу менен суу ташыгычтардын иши күндүзгү маалда, абанын оң температурасында гана жүргүзүлөт.Төмөнкү температурада суунун төгүлүшү жолдо муз катмарынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн, бул жол кыймылынын катышуучуларына кошумча коркунучтарга алып келет.

Жол кырсыктарынын тобокелдиктерин азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги подрядчыга жана консультантка долбоордун объектисин ылдамдыктын чегин сактоо үчүн кошумча убактылуу белгилер менен камсыз кылууну тапшырды.