mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Элден түшкөн арыздын негизинде 2 айдоочуга административдик протокол толтурулду

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын инпекторлору Сокулук районунун Ленин көчөсүнүн жашоочуларынан түшкөн арыздын негизинде жүргүнчү ташыган унааларды текшерүүгө алышты.

Анын алкагында 4 автоунаа текшерилип, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин аткарбагандыгы үчүн эки айдоочуга тиешелүү протокол толтурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы