mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Эл менен жолугушуу элет көйгөйүн чечет

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Араван районунун эли менен жолугушту. Анда алгач департамент тарабынан жасалып жаткан жумуштар, ошондой эле салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактоо, салынган жолдордун талкаланышына жол бербөө жаатында аткарылган иштер туурасында маалыматтар берилди.

Жыйынга келген жергиликтүү тургундар маршруттук каттам көйгөйү, жолдогу ылдамдыкты азайтууга коюлган тоскоолдуктардын көптүгү (лежачий полицейский), жеке өздөрү кабылган жагдайлар тууралуу суроолорду узатышты. Айрым маселелер жеринде чечилип, кээ бирлерин кароого убакыт талап кылынары айтылды.

Көйгөйлүү маселелерди кароо жана жеринде тез арада чечүү максатын көздөгөн иш-чарага жалпы 50дөй тургун катышты. Алдыда аталган башкармалык калк менен жолугушууларды Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда өткөрөт.

Белгилей кетсек, калк менен көчмө жолугушуулар Президенттин 2023-жылдын 24-февралындагы №28 Жарлыгын аткаруунун алкагында бекитилген иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу максатында уюштурулуп жатат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы