mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна (Ноокат) асфальт төшөө иштери аяктады

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна (Ноокат) асфальт төшөө иштери аяктады. Алдыда жол сызыктары чийилип, 1-сентябрга чейин жол белгилери орнотулуп, жумуштар толук жыйынтыкталат.

Белгилүү болгондой, 2016-жылдан бери убада берилип, бирок жасалбай келген Ноокат жолун калыбына келтирүү иштери 2023-жылдын март айында башталган.

Бул жол өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен казынадан каралган каражатка “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан оңдолуп, жумуштар эки тилкеде (Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 27+960 – 34+400 жана 40+350 – 46+910 чакырым аралыгында) жүргөн.

Жер иштеринен тарта асфальт төшөөгө чейинки жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин жеке көзөмөлүндө туруп, учурда эки тилкеде тең иштер аяктады.

Жаңы келген 265 техниканын бир бөлүгү биринчи кезекте Ош-Баткен-Раззаков жолуна жеткирилип, атайын алынып келинген унаалар иш ыргагын кыйла ыкчамдатты.

Белгилей кетсек, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырым аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11- чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызмат