mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Эгемендүүлүк күнүнө карата транспорт жана жол тармагынын мыктылары сыйланды

Бүгүн, 28-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата транспорт жана жол тармагынын өнүгүшүнө салым кошуп, жакшы ийгиликтерди жараткан бир катар кызматкерлер сыйланды. Ведомство жетекчиси Тилек Текебаев алгач бардык кызматкерлерди 31-август – Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“32 жыл ичинде Кыргызстан бир топ кыйынчылыктарды жеӊип, дүйнө мамлекеттеринин катарында эркин жана демократиялык өлкө катары өз ордун тапты. Биз эгемендикти көздүн карегиндей сактап, гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүүнү башкы максатыбыз катары белгилейбиз.

Сиздер өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулууга багыт алган Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошуп, экономиканын күрөө тамыры болгон жол тармагында эмгектенип келе жатасыздар.

Дал ушул тармакка өзүн арнап, ишинде ийгиликтерди жараткан кызматкерлерибиз сыйлык алып отурат. Биздин негизги максатыбыз кылган эмгегиңиздерге убагында маани берип, колдоо көрсөтүп, жаңы ийгиликтерге жетишүүгө дем берүү.
Сыйлык алгандардын арасында көп жылдык эмгек ээлери менен катар аз да болсо мыкты иштеген жаш кадрларыбыз бар экени кубандырат”,-деп билдирди министр.

Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк күнүнө карата ишинде ак эмгеги, адамгерчилиги менен айырмаланган 40тай кызматкерлер “Кусейин Көлбаев” атындагы медаль, “Ардактуу жолчу”, “Ардактуу автотранспортчу” төш белгиси, “Ардак грамота”, “Ыраазчылык кат” менен сыйланышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы