mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

 

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж, № 7–8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  • төмөнкүдөй мазмундагы 201-глава менен толукталсын:

“201-глава. Автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө жыйым

661-берене. Төлөөчү

Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган  транспорт каражаттарынын ээлери (пайдалануучулары) жыйымды төлөөчүлөр болуп саналат.

662-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби

  1. Автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө жыйым алуунун өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
  2. Автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө жыйымдан республикалык бюджетке түшкөн каражаттар республикалык бюджетте топтолот жана Жол фондунун каражаттарын түзөт.”;

2) 841-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Шиналарды жана жаңы пневматикалык резина покрышкаларды (товардык позициядагы ТЭИ ТН коду 401110000, 4011100003, 4011100009, 401120, 4011201000, 4011209000, 4011300000, 4011400000, 401150000, 4011500001, 4011500009, 4011700000, 4011900000), мурда колдонулган шиналарды жана покрышкаларды (товардык позициядагы ТЭИ ТН коду 4012110000, 4012120000, 4012190000), майлоочу майларды жана башка майларды (товардык позициядагы ТЭИ ТН коду 2710197100, 2710198200, 2710198400, 2710198600, 2710198800, 2710199200, 2710199400, 2710199800) кайра иштетүүгө жыйым өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан төлөнөт.”;

3) 842-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Шиналарды жана жаңы пневматикалык резина покрышкаларды (товардык позициядагы ТЭИ ТН коду 401110000, 4011100003, 4011100009, 401120, 4011201000, 4011209000, 4011300000, 4011400000, 401150000, 4011500001, 4011500009, 4011700000, 4011900000), мурда колдонулган шиналарды жана покрышкаларды  (товардык позициядагы ТЭИ ТН коду 4012110000, 4012120000, 4012190000), майлоочу майларды жана башка майларды (товардык позициядагы ТЭИ ТН коду 2710197100, 2710198200, 2710198400, 2710198600, 2710198800, 2710199200, 2710199400, 2710199800) кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымын төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.”;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Шиналарды жана жаңы пневматикалык резина покрышкаларды (товардык позициядагы ТЭИ ТН коду 401110000, 4011100003, 4011100009, 401120, 4011201000, 4011209000, 4011300000, 4011400000, 401150000, 4011500001, 4011500009, 4011700000, 4011900000), мурда колдонулган шиналарды жана покрышкаларды (товардык позициядагы ТЭИ ТН коду 4012110000, 4012120000, 4012190000), майлоочу майларды жана башка майларды (товардык позициядагы ТЭИ ТН коду 2710197100, 2710198200, 2710198400, 2710198600, 2710198800, 2710199200, 2710199400, 2710199800) кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымынан чогулган каражаттар республикалык бюджетке түшөт.”.

 

2-берене

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти