mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жар-Башы айылынын жолуна асфальт төшөлдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жар-Башы айылынын жолуна асфальт төшөлдү. Иштин жыйынтыгы менен таанышууга барган Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, райондун акими Алмазбек Осмонов менен биргеликте айыл аксакалдары жана жашоочулары менен жолугушту.

Жетекчилер жергиликтүү калктын кызыктырган суроолоруна жооп берип, пикир алышкан соң, Жар-Башы айылынан чыккан белгилүү композитор Сардарбек Жумалиев Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевге ак батасын берип, ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин айылдагы спорт аянтчасынын айланасына көп жылдык көчөттөр отургузулду.

Белгилей кетсек, Жар-Башы айылынын жолуна асфальт төшөө иштери “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №43 ЖТИси тарабынан аткарылган.

 

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы