mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Былтыркыга салыштырмалуу Сосновка постунда төлөм чогултуу 55%га өстү

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Сосновка постунда быйылкы жылдын алгачкы беш айында былтыркыга салыштырмалуу төлөм чогултуу 55%га көбөйгөнүн билдирди.

Анда министр эми каражаттар сол чөнтөккө эмес, мамлекеттин казынасына түшүүдө деп жазган.
Белгилей кетсек, Тилек Текебаев министрлик кызматка киришкенден кийин эле Сосновка жана Кара-Көл шаарындагы постторго видеобайкоо орнотууга тапшырма берген. Жыйынтыгында быйылкы жылдын алгачкы беш айында былтыркыга салыштырмалуу Сосновка постунда төлөм чогултуу 55%га өстү.

Ведомство жетекчиси көзөмөл күчөтүүнүн жыйынтыгы өз жемишин берип жатканын билдирип, мындан ары дагы катуу көзөмөл уланарын кошумчалаган.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы