mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Быйылкы жылы битум аймактардагы битум чуңкурларына автотранспорт менен жеткирилип, аны өз убагында өндүрүштүк максатта колдонууга шарт түзүүдө.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин балансында турган жолдорго асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө, жамоо иштерин өз убагында жүргүзүү, Казакстандан Кыргызстанга битумду өз убагында алып келүүнүн аркасында жана Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жардамы менен ишке ашырылууда. Белгилей кетсек, быйылкы жылы аймактардагы битум чуңкурларына автотранспорт менен битум жеткирилип, аны өз убагында өндүрүштүк максатта колдонууга шарт түзүүдө. Бүгүнкү кундө Кыргызстан-га пландагы 20 миң тонна битумдун 13 миң тоннасы жеткирилди.Мурда битум темир жол аркылуу ташылып келген, аны кайра унааларга жүктөп, андан кийин гана керектөөчүлөргө жеткириш керек болчу, бул  бир аз убакытты талап кылган. Мисал катары айта кетсек, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Сарымсак унаа жолуна 425 метр жерге асфальт-бетон төшөлгөн. Быйылкы жылы 1 чакырымга асфальт-бетон төшөө иштерин жүргүзүү пландалууда.Ошондой эле, Ала-Бука-Кербен-Таш-Көмүр унаа жолунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын №12 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 14-15 чакырым жолго асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул жерде да план боюнча 1 км каралып, 850 м  жолго асфальт-бетон төшөлүп бүттү.

 

КР ТжКМ басма сөз кызматы