Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдайт
- 1 135 просм.
2021-жылдын 4-майында саат 16-00 чамасында аба-ырайынын кескин ысышына байланыштуу Кульцентр-Кичи-Алай жолунун 12-чакырымында көлөмү 192м3, узундугу 8 метр, туурасы 8 метр, бийиктиги 3 метр болгон кар көчкү түштү. Учурда 1 жүктөгүч машинасы иштеп жатат. Жер көчкүнү жоюу үчүн бардык чаралар көрүлүп, жол ачык.
Андан кийин 2021-жылы 5-майда болжол менен саат 16-00 чамасында дагы жер көчкү түшүп узун туурасы 12 метр, бийиктиги 6 метр жана жалпы көлөмү 213м3 түзгөн. Жер көчкүдөн кийин дароо 1 жүктөгүч тазалоо иштерин баштады.
5-май күнү саат 18: 00дө Баткен облусунун Лейлек районунда жана Исфана-Андарек-Көк-Таш жана Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолдорунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, учурда жолду тазалоого 1 автогрейдер менен 1 жүк ташуучу унаа жиберилген.
КРТжКМ басма сөз кызматы