mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Буга чейин жергиликтүү бийликтин карамагында туруп, 3 ай мурда министрликтин балансына өткөрүлгөн “Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол тынымсыз тазаланууда

Келген коноктордун жана жергиликтүү элдин ыңгайлуулугу менен жол кырсыгын алдын алуу максатында “Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол үзгүлтүксүз тазаланып, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Жумуштар “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын #11 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.
Август айынан тартып “Каракол” тоо лыжа базасынын жолу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген соң шагыл жол түздөлүп, тегизделген.
Министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл бурууда.