mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу Программасынын 3-Фазасы” долбоорунун «Авиациялык коопсуздук жана тейлөөну камсыздоо» 2-компоненти боюнча И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун объектилери оңдолду

“Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу Программасынын 3-Фазасы” долбоорунун «Авиациялык коопсуздук жана тейлөөну камсыздоо» 2-компоненти боюнча И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун объектилерин оңдоо иштери ийгиликтүү аяктады. Окуу жайдын 5 объектисинде төмөнкү иштер аткарылды:

-1,2 жана 5-кабаттагы дааратканаларды жана №1 окуу корпусунун фасадын оңдоо;
-№2 жана №4 окуу корпусу менен административдик корпустун чатырын алмаштыруу;
-чоң аудиториялык корпустун (ЧАК) чатырын алмаштыруу,
-сырткы, ички жасалгалоо жана электр жабдуулары менен жабдуу.

Оңдоо иштерине структуралык элементтерди калыбына келтирүү гана эмес, коммуникацияларды жаңыртуу, ыңгайлуу жана заманбап окуу административдик жайларды түзүү иштери кирген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы