mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Борбордук Азия жол конференциясы 2023: Кыргызстан жол индустриясындагы инновациялардын борборунда

Ушул күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында жол индустриясынын негизги оюнчуларын бириктирген экинчи Борбордук Азия жол конференциясы 2023 (CARC 2023) өтүүдө.

CARC 2023  бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн Транспорт министрликтеринин жана жол администрацияларынын өкүлдөрүнүн, жол материалдарын жана жабдууларын өндүрүүчүлөрдүн, ошондой эле жол курулушунун ар кандай чөйрөлөрүнүн адистери жолугушкан маанилүү иш-чара болуп саналат.

Конференциянын негизги максаты- жол тармагынын катышуучуларынын ортосунда байланыш түзүү, тажрыйба алмашуу жана Борбордук Азиянын автожол инфраструктурасына жаңы технологияларды киргизүү.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин делегациясы 12 адистен турат, алардын мындай маанилүү иш-чарага  катышуусу Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу  менен ишке ашты жана бул кадамдар жогорудагы конференциянын бардык региондор үчүн да маанилүү экендигин баса белгилейт.

CARC 2023 катышуу, бул Борбордук Азиянын жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн жол куруу жана тейлөө жаатындагы акыркы жетишкендиктери жөнүндө билүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү десек болот. Аны менен катар бизге алдыңкы технологияларды жана жаңы иш ыкмаларын колдонууга,  жол долбоорлорунун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле конференцияда түзүлгөн байланыштар Кыргызстандын жол инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жаңы өнөктөштүккө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө өбөлгө түзмөкчү.