mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Боом капчыгайынын Бишкек-Нарын-Торугар унаа жолундагы топтолгон суулар дренаждык түтүкчө аркылуу кетип, жол тазаланды.

 

2021-жылдын 12-июль саат 15:30 чамасында Боом капчыгайынын айрым жерлеринде,  4 км алыстыгында  нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен ылай агымдары түшкөн. Учурдагы кырдаалдын негизинде КР ТжКМнин №32 Жол тейлөө агенттиги сел жүргөн жерде бир жүктөгүч жана 10 жумушчу кол менен иштешти. Бул жердеги топурак нымга каныкпагандыктан, Бишкек-Нарын-Торугар унаа жолундагы Боом капчыгайындагы дренаждык түтүктөрү аркылуу баткак суулар кетип, жол тазаланды. Жол жүргүнчүлөрү үчүн өтүү кыйын болгону менен унаалардын кыймылы токтогон жок.

 

КРТжКМ басма сөз кызматы