mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Большевик-Көл-Башы унаа жолуна асфальт төшөлөт. Аймактарда аткарылган иштердин түрмөгү

№5 Жол тейлөө ишканасы тейлеген Большевик-Көл-Башы унаа жолунда (8-11-чакырым аралыгы) жер иштери аяктап, асфальт басууга даярдыктар көрүлүүдө. Жалпы 3 чакырымга асфальт төшөлөт.

Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолу автогрейдер менен тегизделди. Ушундай эле жумуштар Бөкөнбаев-Тосор-Жылуу-Суу жолунун Бокөнбаев-Коргонду-Булак тилкесинде жүрүүдө.

Ал эми Нарын-Баетов (9-13-чакырым жана 115-120-чакырым аралыгы) жана Ош-Баткен-Раззаков жолунда (27-34-чакырым жана 40-47-чакырым аралыгында) жол оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери Орловка-Маданият-Шамшы (5-6-чакырым аралыгы), Кант-Чүй (3-4-чакырым аралыгы) жана Кемин-Ильич-Ак-Туз унаа жолдорунда жүрүүдө.

Мындан тышкары, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-291-чакырым аралыгы), Казарман-Акталчат жолунун Дөдөмөл жана Кош-Булак тилкесинде (0-44-чакырым аралыгы), Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда ( 221-271 чакырымы жана 271-306-чакырым аралыгы) жана Тараз-Покровка-Кайынды жолунда таштандылар тазаланып, тоо боорунан түшкөн таштар терилди.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы