mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкектен Ташкентке арзан баада жетиңиз! «Кыргыз автобекети» бул багытта автобустар үзгүлтүксүз каттап жатканын эске салат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы Борбор Азиядагы эң ири, жагымдуу жана жандуу шаар аталган Ташкент калаасына автобустар үзгүлтүксүз каттап жатканын эске салат.

Күн сайын кечки саат 19:00до жана 21:00до Батыш автобекетинен Бишкек-Ташкент (Кыргызстан-Өзбекстан) эл аралык каттамы боюнча көп орундуу, ыңгайлуу автобустар жүрүүдө.

Былтыртан тарта жанданган бул каттамда билет баасы чоңдор үчүн 2000 сом, ал эми 7 жашка чейинки балдар үчүн 1000 сомду түзөт жана аларды автобекеттин кассасынан алууга болот.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы