mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкектен Балыкчыга жүргүнчүлөрдү ташыган поезд каттай баштады

Бүгүн, 16-июндан тарта Бишкектен Балыкчыга жүргүнчүлөрдү ташыган поезд каттай баштады. 7 вагондон турган поездге 185 жүргүнчү түштү.

Жүргүнчүлөрдү Бишкектен Балыкчыга жеткирген поезд ар аптанын жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттайт.

Поездде панорамалык терезелер, кондиционер, муздак жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар.

Бишкектен жүргүнчү поезди саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:42де жетет.

Ал эми Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет.

Сурап-билүү үчүн 0705 076696, (0312) 30-02-09, 92-68-54, 92-68-40 номурларына кайрылсаңыздар болот.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы