mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкектен Алматыга арзан баада жетиңиз! «Кыргыз автобекети» бул багытта автобустар үзгүлтүксүз каттап жатканын эске салат

Күн сайын 08:00, 10:00, 12:00, 14:00, 16:00 жана 18:00до Батыш автобекетинен Бишкек-Алматы (Кыргызстан — Казакстан) эл аралык каттамы боюнча көп орундуу, ыңгайлуу автобустар жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» ишканасы Алматы калаасына арзан баада жетип алууга чакырат. Билеттин баасы 500 сомду түзөт жана аларды автобекеттин кассасынан алууга болот.

Ал эми Алматыдан Бишкекке автобустар жогоруда көрсөтүлгөн сааттарда чыгат. Билет баасы 2500 теңге.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы