mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкекте «Кыргыз Республикасындагы жол активдерин башкаруу» темасындагы семинар жыйынтыкталып, катышуучуларына сертификаттар тапшырылды

Бишкекте «Кыргыз Республикасындагы жол активдерин башкаруу» темасындагы семинар жыйынтыкталып, катышуучуларына сертификаттар тапшырылды. 23-26-май күндөрү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Н.Исанов атындагы кампусунун имаратында (мурдагы КМКТАУ имараты) уюштурулган семинарга КРдин ТжКМдин, БАРЭК институтунун, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү, ошондой эле окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Сертификаттарды БАРЭК институтунун директорунун экинчи орун басары И.Абдуллаев, Жаңы Зеландиянын Окленд университетинин жарандык жана экологиялык курулуш кафедрасынын инженери, илимий кызматкери жана окутуучусу тапшырды.

Белгилей кетсек, мурда жылына 10 кызматкер чет өлкөгө окууга жөнөтүлсө, азыр Кыргызстанга тажрыйбалуу чет элдик адистер келип, министрликтин кызматкерлерин окутуп жатышат. Бул сертификаттарды алуу менен кызматкерлер алган билимдерин практикада колдоно алышат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы