mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкекте «Азия автоунаа жолдор тармагын бойлой жашыл жана туруктуу инфратүзүм тармагында саясатты колдоо» долбоорунун алкагында улуттук семинар өттү

Бишкекте «Азия автоунаа жолдор тармагын бойлой жашыл жана туруктуу инфратүзүм тармагында саясатты колдоо» долбоорунун алкагында улуттук семинар өттү. Мыкты тажрыйбаларды чогултуу жана жайылтуу аркылуу туруктуу аймактык транспорттук байланыштарды бекемдөөгө багытталган иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министринин орун базары М.Курманбеков баштаган ведомствонун кызматкерлери, Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык Социалдык Комиссиясынын өкүлдөрү жана атайын чет өлкөдөн чакырылган адистер катышты. Ошондой эле, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да семинардын жүрүшүнө онлайн форматта катышты.

Бир күнгө пландалган семинардын жүрүшүндө катышуучулар жол жана транспорт жаатында презентацияларды жасап, иш-чара суроо-жооп, талкуу форматында уланды.
Катышуучулар улуттук гана эмес, аймактык жана субрегионалдык деңгээлде да биргелешкен семинарларды өткөрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Белгилей кетсек, иш-чара Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык Социалдык Комиссиясы менен биргеликте уюштурулду.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы